Жалал-Абадда 633 миң сомдон ашык суммага бааланган “гашиш” аныкталып, алынды

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында афган тектүү баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу менен алектенген баңги топторунун ишине бөгөт коюлган.


“Жалал-Абад областынын аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенишери аныкталган.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
2023-жылы 23-июль күнү саат 20:40 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракетинде үч мүчөсү кармалган: 1991-ж.т. А. уулу Э., 1981-ж.т. Т.К.А. жана 1981-ж.т. Н.И.Ж., “ВАЗ-2107” жана “ВАЗ-2106” үлгүлөрүндөгү 2 жеңил унаа менен келишип, алардын ичинен афган тектүү “гашиш” (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 кг 29 гр түзгөн.
Жогоруда аталган шектүүлөр КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Аксы районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.


Кармалган “гашиш» баңги каражаттары мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

1 Жалал-Абадда 633 миң сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" аныкталып, алынды
2 1 Жалал-Абадда 633 миң сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" аныкталып, алынды
3 1 Жалал-Абадда 633 миң сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" аныкталып, алынды