ВИДЕО: Өзгөндө ири өлчөмдө “гашиш” баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Баткен облусунун аймагынан Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагы аркылуу Бишкек шаарына транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү “гашиш” баңги каражатын ташуунун туруктуу каналына бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылы 4-август күнү болжол менен саат 18-00 чамасында Өзгөн шаарынын аймагында Учкучсуз учуучу каражаттын колдонуу менен тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө П.Н.К. аттуу жаран кармалган.


“Кармалган жаранга таандык спорттук баштыкты кароо учурунда өзгөчө жыты бар түссүз скотч менен оролгон 13 целлофан баштык табылып, алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, баштыктын ичиндегилер “гашиш” баңги каражаты болуп аныкталган. Кармалган баңгизаттардын салмагы 11 кг болгон 391 грамм гашиш жана 326 грамм апийим болгон.
Андан ары кармалган П.Н.К. Өзгөн районунун Кароол айыл округунун аймагына экинчи спорттук сумкасын 9 целлофан пакети менен таштаганын жана ордун көрсөтүп берген. Текшерүү учурунда түссүз скотч менен оролгон 9 целлофан баштык алынып, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык ичиндегиси “гашиш” баңгизаты болуп салмагы 8 кг. 833 граммды түзгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында алынган “гашиш” баңги каражаттарынын жалпы салмагы 20 кг 224 граммды түздү, ал эми “апийим” 326 грамм болгон.
Азыркы учурда КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалган П.Н.К. Өзгөн районунун ИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.

14e5cfe4 dc3b 4c91 a2c9 a461cd6c23dc ВИДЕО: Өзгөндө ири өлчөмдө “гашиш” баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды
d8489391 bc7f 4d1e b92f 12f79119f695 ВИДЕО: Өзгөндө ири өлчөмдө “гашиш” баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды
YouTube video