Милиция менен бирге иштеп, түйшүктүү кесип ээлерине ыр арнаган эже

Жазгүл Чоткараева Айтматов районунун Молдо-Асан айылында жайгашкан Шамыратбеков атындагы орто мектебинде социалдык педагог болуп эмгектенүүдө. Күн-түн дебестен милиция кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында адеп-ахлакты, руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, моралдык жактан окуучуларга колдоо көрсөтүп келет.
Милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, балдардын ар кандай кылмыштуулуктан сактап, окуучуларга жакшы акыл-насааттарды жана ошондой эле коомго өзүнүн салымын кошууда.
Жазгүл Чоткараева сабак берүү менен чектелбестен, ыр жазып өзүнүн калемин курчутуп таланты бар экендигин баса белгилеп кетпесек болбойт.
Милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баргандыктан, ар кандай рейддик иш-чараларына катышып кызматкерлердин ишин баалап, каалоо-тилектери менен кошо ыр жазып турат.

3598a7a3 62f3 4450 b158 6b7ba8601589 Милиция менен бирге иштеп, түйшүктүү кесип ээлерине ыр арнаган эже
5eb39c0f 136b 477f 8b71 8fb0864b3d3c Милиция менен бирге иштеп, түйшүктүү кесип ээлерине ыр арнаган эже

Милиция – ар намыстуу, эр жүрөк,
Түйшүгү көп, бирок аны эл күтөт.
Мекенине кызмат кылат аянбай,
Жери үчүн, эли үчүн тер төгөт.


Кызматкери бөлөк, башка кесиптин,
Эмгектенет жыйырма төрттүн сегизин.
Жалгыз гана чарчабаган милиция,
Жыйырма төрт саат көзмөлдөйт эл-жерин.


Жаан-чачында суу болбойт да, оорубайт,
Ызгаар кышта үшүбөйт да, моюбайт.
Аптапта да, ысыбайт да, жыгылбайт,
Бороондо да, алы кетпейт, эч сынбайт.
—— ——————
Милициянын ата-энеси кайраттуу,
Милициянын үй-бүлөсү чыдамдуу.
Милициянын жубайы да, балдары,
Өзгөлөрдөн жүз бир эсе сабырдуу.
—— —————–
Ата-энеси, үй-бүлөсү, жубайы,
Туугандары, жолдоштору, балдары,
Амандыгын күн-түн тилеп турушат,
Кайтса экен деп кечке үйгө соо жаны.
—— —————–
Милициянын мына ушундай түйшүгү,
Моюнунда Мекенин оор жүгү.
Алдындагы чоң милдети, максаты,
Эл-журтунун тынч уйкусу, ар күнү.
—— —————–
Милиция- сени, мени күзөткөн,
Милиция- укугумду үйрөткөн.
Милиция- досум жана коргоочум,
Милиция – элин сүйөт жүрөктөн.
—– ——————
Милиция узак жаша, көп жаша,
Мекениңдин бөпөлөгөн колунда.
Ж.Чоткараева


Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы