Муфтий: Атайылап аялга же эркекке окшошкусу келгендерге Алланын каргышы болот

Кыргызстандын муфтийи Казы Ракыев акыркы убактарда соцтармактарда аялдардын кийимин кийген эркектер, эркектердин кийимин кийген аялдар жана мусулманчылыкты жамынып алып элди алдагандар боюнча үн катты.

Анын айтымында акыркы убактарда эркектин кийимин кийген аялдар жана тескерисинче аялдын кийимин кийген эркектер акча табуу максатында интернетте ар кандай амалдарды жасашууда.

“Кээ бир нерселер бар, ата-бабабыздын сөөгүн сыздата турган турган нерселер болуп кетип жатат. Бул нерсени сөзсүз айтышыбыз керек. Интернетте кээ бир жигиттер сакалын коюп алып, аялдардын ич кийимин кийип жатышат. Эгерде атайылап аял эркекке окшошкусу келсе, же болбосо эркек атайылап аялга окшошкусу келсе, Алланын каргышы болот. Дин деген башка, акча табуу такыр башка нерсе. Ошону менен беш-он тыйын табам деп, намысыбызды тебелеп, шерменде болбойлу, акылыбызга келели. Кудайдан корколу! Ошол жерде фамилияң эмне болуп жатат, урук-тууганың, бир туугандарың сыздап жатат. Бүт Кыргызстанды уят кылып жатасыңар“, – деди ал.

Ошондой эле ал, акыркы мезгилдерде Ислам динин жамынып алып, намаз окуган айрым адамдар ири суммадагы акчаларды элдерден алуу менен алек болгондор көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.