Айтматов РИИБдин кызматкерлери жана көчмө кабылдама райондун айыл аймактарында жайгашкан кооптуу суу жээктерин, Киров суу сактоочу жайында жана көлмөлөрдө, суу бөлүштүрүүчү аймактар текшерилип түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору жана аймактык тескөөчүлөр биргеликте өздөрүнө бекитилген аймактарында эскертүү белгилин оңдо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле жарандарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.Бул иш-чара областын бардык милиция бөлүмдөрүнө жана аймактарда түшүндүрүү иштери уланууда”, – деп айтылат облустук милициянын берген маалыматында.
.


