Ош облустар аралык балдар ооруканасынын дарыгерлери канцелярдык мык жутуп алган 10 жаштагы баланы куткарып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, канцелярдык мык жутуп алган бала бейтапканага 7-августта түшкөн.
«Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тезинен жардам көрсөтүлүп, дарыгерлер аны аман алып калышты», — деп айтылат маалыматта.
Баланын өпкөсүндө туруп калган мыкты Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Семетей Кочкорбай уулу алып чыккан. Ал акыркы учурда мындай окуялар көп болуп жатканын айтып, ата-энелерди балдарына жакшылап көз салууга чакырган.
![366059541 784339633691982 4713078822298650653 n Ошто дарыгерлер канцелярдык мык жутуп алган баланы куткарышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/366059541_784339633691982_4713078822298650653_n.jpg)
![myk Ошто дарыгерлер канцелярдык мык жутуп алган баланы куткарышты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/myk.jpg)