Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин ысымын берүү сунушталды

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев билдиргендей, шейх Заед бин Султан — Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

Талкуунун журүшүндө депутат Адахан Мадумаров республиканын аймагында Кыргызстандын чыгаан инсандарынын ысымы ыйгарылган чокулар барбы деп сурады. Терс жооп алган эл өкүлү чокуларга өлкөнүн улуу инсандарынын, баатыр ата-бабалардын ысымдары менен аташ керектигин айтты.