ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин медициналык башкармалыгында жаңы рентген бөлмөсү ачылып, жаңы аппарат менен камсыздалды.

Ага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Кыргыз Республикасынын медицина илимдеринин доктору, профессор, эл аралык жогорку медициналык мектебинин ректору Сталбек Ахунбаев, ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу ички кызматтын майору Эркин Жеенмуратов жана дарыгерлер катышты
Буга чейинки рентген аппараты эскилиги жетип жарактуулуктан чыгып калгандыгына байланыштуу, бейтаптарды кароодо бир топ кыйынчылыктар жаралып, ИИОнун кызматкерлери УЗИ, рентген, флюрография аппаратынан өтүш үчүн башка ооруканаларга кайрылууга мажбур болуп келишкен. Жаңы алынып келген Кореяда жасалган “DRGEM” үлгүсүндөгү рентген аппараты башкалардан жогорку сапаттагы сүрөтү жана бейтапка радиациянын тийгизген таасиринин аздыгы менен айырмаланат жана рентгендин сүрөтүн кезекте туруп күтүүнүн кажети жок. Анткени, бир мүнөттүн ичинде сүрөт даяр болуп тиешелүү дарыгерлердин компьютерине Bluetooth аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.
“Акыркы мезгилде өздүк курамдын саламаттыгынын жана медициналык башкармалыктын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн стабилдүүлүгү байкалып келет.
Заман талабына ылайык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү көрсөтүлгөн мамлекеттин саясатын ишке ашыруу үчүн Ички иштер министрлигинин медицина башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүнүп келгендигин белгилеп кетким келет. Анткени колдонуп келген дартты аныктоо боюнча медициналык жабдыктарын жаңыртуу ИИМдин медицина кызматынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет”,-деди министрдин орун басары Нурбек Такабаевич.
Ошондой эле, рентген кабинети толугу менен жаныланып, заман талабына ылайык жабдуулар менен камсыздалды.


2ebe4859 32d9 432b 9e8e 2a906e3fb70f ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды
dd525ff0 c0a8 4064 ad24 f542e65db1b6 ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды
3530c741 de6c 4a4c b752 b1efe9fa0d9e ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды