Чүйдө сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Москва районунун Беш-Терек айылындагы менчик көлмөгө 9-класстын окуучусу чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине саат 15:28де ӨКМге караштуу КДМБнын 5 куткаруучу суучулу тартылган.

Куткаруучулар чөгүп кеткен баланын сөөгүн 16.57де суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.