Жеңиш чокусуна чыккан 4 альпинист табылган жок, куткаруучулар кооптуу жерден артка кайтты

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 28-июлда 21 куткаруучудан турган үч топ дайынсыз болуп жаткан төрт альпинистти издөө үчүн жөнөп кеткен. Аймактын климаттык шарттарын эске алып издөө иштерине куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн Коргоо министрлигинин “МИ-8МТВ” тик учагы да тартылган.

“Куткаруучулар абанын температурасы – 20…– 30 градус болгон 4100 метр бийиктиктеги “Түштүк Эңилчек” базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көндүргөн соң альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжа берген жок. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер Жеңиш чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлашкан. Алардын бириндеги спутник байланышынын координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эмес. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөр куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу экендиги эске алынып, 8-августта кайра кайтуу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшагандыгы белгиленет.

Эске салсак, үч россиялык жана Литванын бир жараны туристтик фирма менен келишим түзүп, классикалык маршрут менен эмес, оор (Абалаков) жолго түшүп кетишкен. Алар 19-июль күнү 6900 метр бийиктикти багындырганда байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн. 24-26-июль күндөрү турфирманын өкүлдөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок жыйынтык болгон эмес.

Жеңиш чокусу — Кыргызстандагы (7439 метр) эң бийик чоку.