Ошто унааны түтүк басып калып, ата-бала көз жумду

Бүгүн, 12-августта, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында оор жүк ташуучу унаа түтүккө урунуп, түтүк жеңил унааны басып калды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү унаа түтүктүн алдында калган. Кырсыктын кесепетинен унаанын алдында бара жаткан ата-бала каза болду. Унаанын артында башка балдар да бар болгон, алам аман калышкан.

Бул факты боюнча окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ишки иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу тергөөгө чейинки ыкчам иш-чараларды жрүгүзүүдө.

Милиция кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.

nener Ошто унааны түтүк басып калып, ата-бала көз жумду