Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узартты.

Анын бөгөт чарасы 5-августта каралып, Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү анын үй камактагы мөөнөтүн узартууну өтүнгөн.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын маалымдаган.