Жапаров АКШ президентине Гавайидеги өрттө адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Джозев Байден-кенжеге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып телеграмма жолдоду.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

OIF 2 Жапаров АКШ президентине Гавайидеги өрттө адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
OIF 1 Жапаров АКШ президентине Гавайидеги өрттө адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты