Дагы бир депутат “Бейөкмөт уюмдар” жөнүндөгү мыйзамга кол коюудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга (Надира Нарматова тарабынан демилгеленген) өзгөртүүлөр жөнүндө долбоордун демилгечилеринен чыкты. Бул тууралуу ал Bulak.kg редакциясына билдирди.

“Башында менин атым бул мыйзамдын демилгечилеринин тизмесине киргизилген. Мен НКОнун финансылык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын жана көзөмөлдөлүшүн камсыз кылууну колдодум.

Бирок кийинчерээк мыйзам долбоорунун акыркы версиясы менен таанышып, колумду алып салууну чечтим. Бул мыйзам долбоору демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтыйт. Ошондуктан мен “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамдын демилгечилеринен чыгып жатам”, – деди Бактыбек Чойбеков.

YouTube video