Депутат бир жылдан бери Балыкчы шаарынын аталышын өзгөртүүнү сунуштап келе жатканын айтты

Мен бир жылдан бери Балыкчы шаарынын атын Жусуп Абдрахманов шаары деп өзгөртүүнү сунуштап келе жатам, деп билдирди депутат Максат Сарбагышев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, бул маселе боюнча эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес.

«Буга чейинки чакырылыштарда депутат болгон кээ бир кесиптештерим убагында тиешелүү мекемелердин жетекчилери дагы болушкан. Ошол убакта жер-жерлерди улуу ата-бабаларыбыздын атына өзгөртүү маселесин көтөрбөй, эми популизм менен алектенип жатканы мени кейитет», — деди Максат Сарбагышев.

Белгилей кетсек, жыйында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти — шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жусуп Абдрахманов —  кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер.