Транспорт жана коммуникациялар министрлиги: Балыкчы шаарындагы тыгын жол оңдоо менен байланышкан

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көлгө бара жаткандарды Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоого түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 25-майында Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун 5-чакырымынан 10-чакырымына чейин реконструкциялоо иштери башталган. Учурда 23-чакырымдан 77-чакырымга чейинки тилкеге ​​белги коюу иштери да жүрүп жатат. 2022-жылга бул долбоор боюнча иштерди улантууга 472,0 млн сом каралган.

«Туристтик сезон жыл сайын Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоо боюнча курулуш мезгилине туш келгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги Ысык-Көлдүн жээгине жакын эс алуучуларды бул процесске түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, кечээ Балыкчы шаарындагы унаа жолун оңдоо иштерине байланыштуу бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгон.