Алтынбек Сулайманов көл жээктерди текшерди

3-июлда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышын жана пляждардын абалын текшерди.

WhatsApp Image 2022 07 04 at 10.20.13 1 Алтынбек Сулайманов көл жээктерди текшерди

Текшерүү Бостери айылынан башталып, эл көп келген “Золотые пески” пансионатынын аймагында соода-сатык башаламан жүрүп, эс алуучуларга бир кыйла ыңгайсыздыктар жаралып жатканы белгилүү болду. Аларды башка жерге көчүрүү боюнча дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жери аныкталды.

Ошондой эле муниципалдык пляждар текшерилип, аларды дагы ирээтке келтирүү максатка ылайык экени аныкталды.

“Биз буга чейин Президентибиздин Жарлыгына ылайык пляждарга жергиликтүү тургундар тоскоолдуксуз кирүүсү боюнча жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жарлык кынтыксыз аткарылып жатыптыр. Бирок эс алуучу жайларга келген туристтерге ыңгайсыздык жаралбашы үчүн, жергиликтүү тургундар бара турчу муниципалдык пляждарды дагы ирээтке келтирүү максатка ылайык, ошондуктан пляждарды текшерип, мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түздүк. 3 күн ичинде жумушчу топ чечим чыгарып, иш андан ары уланат”,-деди облус жетекчиси А.Сулайманов.

WhatsApp Image 2022 07 04 at 10.20.13 Алтынбек Сулайманов көл жээктерди текшерди
WhatsApp Image 2022 07 04 at 10.20.14 1 Алтынбек Сулайманов көл жээктерди текшерди

Текшерүүнүн натыйжасында түзүлгөн жумушчу топ пляждарга салынган курулмалардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды ирээтке келтирүү боюнча сунуштарын бермекчи.