Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты

Бүгүн, 9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсүнүн 1А (Сыр База) дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө түнкү саат 01:39дан тарта ӨКМден жалпы 10 (унаа) күжүрмөн эсеп тартылды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, штаб тартылган.

Мындан сырткары жеринде ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, “Тазалык” ишканасынан Суу ташуучу унаа тартылды.

352675152 642781027894627 734824620916643095 n Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты
352806263 642745227898207 5713520791533585662 n Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты
353041207 642780941227969 8009359448338794184 n Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты
Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты