Аламүдүн базарында өрт чыкты 

Кечээ, 22-февралда Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо 20:07де чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү.