Таласта бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт

Талас шаарындагы бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын» ишке ашыруунун алкагында диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлүп, КР президентинин облустагы өкүлчүлүгү, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана облустук казыяттын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык топ түзүлгөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында иштеп жаткан 192 мечиттин жана намазкананын ичинен 5 мечиттин каттоодон өтпөгөндүгү, 172 мечитте өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды. 192 мечиттин 29у Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө электиги белгилүү болду», — деп жазылат билдирүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мечит имамдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Жакынкы арада республикалык деңгээлде текшерүү уюштурулуп, мүмкүн болуучу жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу терс кесепеттерди алдын алуу максатында талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганы айтылды.

2079762.2dad0e7256abcddd7499533eaad9d42c.500 Таласта бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт
2079767.e1bb2db6e86e72a3602dd1d74a0cec61.500 Таласта бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт
2079772.7a8102d2f52e4a6110b85f15fcd31698.500 Таласта бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт
2079787.dfe2afca53ee88500604d92d3af612d6.500 Таласта бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт