УКМК Олжобай Шакирдин иши боюнча эмне дейт?

Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда «Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген» деп жазылат.

Олжобай Эгембердиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгону кошумчаланды.

Эске салсак, Олжобай Шакир 23-августта УКМК суракка чакырылып, кийин 48 саатка камалган. Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин камакта калтырды.