Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери жол кырсыгына кабылды

Бул тууралуу маалыматты министрликтен тастыкташты.

Кырсык кечээ саат 14:30да болгон. Лексустун айдоочусу менен Daewoo Nexia кагышкан. 

Аскер кызматкери үй-бүлөлүк себептерден улам эмгек өргүүсүнө чыгып, өз унаасы менен кырсыкка учураган. Анын абалы учурда оор экени айтылууда.

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.