ИИМ: өзбек тилинде кыргыз элинин ар-намысына доо келтирген кайрылуусу боюнча иликтөө иштери башталды

ИИМден билдиришкендей, видео кайрылуу Кыргызстандын, Өзбекстандын жана РФнын ички иштер министрликтеринде катталып, иликтөө иштери башталды

2023-жылдын 24- августунда интернет булактарын мониторинг жүргүзүү учурунда “Тик Ток” социалдык тармагындагы кыска видеолор сервисинде “kumushalaiscag” аттуу колдонуучу видеоматериал жарыялап, анда белгисиз улуттагы жаран өзбек тилинде кыргыз элинин ар-намысына доо келтирген кайрылуу жасаган.


Бул видео социалдык тармактарда талкуу жараткан. Аталган видео боюнча белгисиз аял Өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык акциясына чакырып, Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине, коомчулугуна да кайрылгандыгын билдирип, “камалсын же тили кесилсин” деп талап кылган.
Жогоруда видеолор боюнча ички иштер министрлиги тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгында видео кайрылуу аркылуу нааразычылык акциясына катышууга чакырган аялдын да өздүгү аныкталып, ал 32 жаштагы К.А. экендиги белгилүү болуп, ага Бишкек ШИИББы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле ыкчам-санариптик иш-чаралардын жүрүшүндө видеокайрылуу жасаган жаран Өзбекстан Республикасынын 28 жаштагы жараны А.Р. экендиги аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагына 2019-жылдын 27-июнунда кирип 1-июлда Ош аэропортунан Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына чыгып кеткендиги аныкталган. Аталган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигиндеги Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлчүлүгүнө ушул маалыматтар жиберилип, тез арада тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө видеокайрылуу жасаган жаран учурда Санкт-Петербург шаарында жашап жаткандыгы такталып, РФ Ички иштер министрлиги жана ал жактагы биздин Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү тарабынан тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Ошол эле күнү А.Р. интернет тармактарындагы өзүнүн видеосу боюнча кечирим сураган.
Бирок аталган видео кечирим суроо менен гана аяктап калбайт. Себеби маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек ШИИББында, Өзбекстан Республикасынын Ички министрлигинин жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин атайын башкармалыктарында катталып, тиешелүү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган факт боюнча сөссүз түрдө юридикалык баа бериле тургандыгын билдиребиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы