Бишкекте 2 кабаттуу имараттан чыккан өрттүн себеби такталууда

Бишкектеги Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, кырсык катталган имараттын биринчи кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Жалын имараттын чатырын жана экинчи кабатын каптаган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм жана штаб тартылган, алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.