Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын айтты

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган. Билдирүүдө министрликке биринчи жолу кайрылып, өкүнүп калганын белгиледи.

“Тышкы иштер министрлигине алгачкы жолу кайрылып, өкүнүп калдым. Алтындай убактымды жоготконум аз келгенсип, кагуу жедим. Көрсө биз дайыма ушундай маселелер менен кайрыла берет экенбиз. АКШга виза алууга ким жардам бере алат? Чоң масштабдагы сынакка катышуу үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат”, – деди ал.