Кыргызстандын суперкубогун “Алай” футболдук клубу жеңип алды

А.Суюмбаев атындагы стадиондо 8-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын суперкубогун “Алай” футболдук клубу жеңип алды. Суперкубок үчүн беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт.

Мурдагы сезондо өлкөнүн чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалар беттешет. 2022-жылдагы Кыргызстандын чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата” ФК болгон. Буга байланыштуу суперкубок үчүн беттеште Абдыш-Атанын атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген Оштун “Алай” командасы болду.

Оюндун жүрүшүндө беттештеги жалгыз голду борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев киргизди.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов катышып, эки команданын активдүү оюнун белгилеп, “Алай” ФКны куттукташты.