Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине кайрылган эмес

Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине кайрылганбаганын аталган министрликтин Консулдук департаментинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева билдирди.

«Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине кайрылган эмес, Тышкы иштер министрлигинин бир да кызматкери менен виза тууралуу сүйлөшкөн эмес. Бул маалымат чыккандан кийин бийчинин өзү менен ТИМ сүйлөшүп, такташкандан кийин ал өзүнүн жазган постун кайра алып салды. Ооба, АКШнын визасын алуу боюнча суроосу бар экен, бирок ал маселе боюнча — үчүнчү жактын комментарийин ТИМдин атынан жазылып калганы үчүн, Атай Өмүрзаков постун кайра алды», — деди ал.

Буга чейин Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын жазып чыккан. Бирок бүгүн, 9-мартка карата ал билдирүүсүн өчүрүп салганы маалым болду.