Кыргызстан менен Венгриянын ТИМ башчылары жолукту

24-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы алдында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлектен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун быйыл 12-14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси каралган. Тараптар 2023-жылдын аягына чейин жана 2024-жылы Кыргызстан менен Венгриянын жетекчилигинин деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашкан.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча да маселелерди талкуулашты.