ИИМ: Ушул жылдын 6 ай ичинде жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте “Унаа издөө” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүүдө. 25-июлда башталган иш-чаранын максаты унаа транспорт каражаттарын уурдоого, күбөсү жок болгон жол кырсыктарынын, андан сырткары башка мыйзамга каршы аракеттердин бетин ачууга байланышкан кылмыштарды аныктоо болуп саналат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан унаа базарлары, техникалык тейлөө станциялары жана посттордогу унаалар текшерилүүдө.
2023-жылдын алты айында унаа каражаттарын айдап качууга байланышкан 123 кылмыш катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Бул көрсөтүлгөн аралыкта жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам денесинен ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда бети ачылбаган фактылар бар.
Бул сандар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен, кайдигерлигинен, айдоо маданиятынын жоктугунан жана жолдордогу начар жүрүм-турумунан кабар берет. Изин жашырып кеткен кылмышкерлер сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖКККББнын жана Биринчи май РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте “Кудайберген” базарынын унаа тетиктерин саткан жайларын текшеришти. Учурда бул рейддик иш-чара уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

iim zdanie ИИМ: Ушул жылдын 6 ай ичинде жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен
YouTube video