Пакистанда жабыркаган кыргыз жарандары тууралуу маалымат түшкөн эмес

Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Ошол эле учурда Пакистанда жүргөн жарандарга өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, соңку окуялардын натыйжасында жабыркаган кыргыз жарандары тууралуу маалымат түшкөн эмес.