Армения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болду

11-майда Армения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болду. Бул маалыматты эки тарап тең ырастап, атышуу үчүн бири-бирин күнөөлөдү.

Армениянын Коргоо министрлиги азери күчтөрү чек арадагы Сотк айылындагы аскердик позицияларды аткылап, жыйынтыгында үч армян жоокери жараат алганын билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрү «чек арадагы Варденис аймагынан ок атуучу куралдын ар кандай түрү менен азери армиясынын позицияларын интенсивдүү аткылаган» деген маалымат таратты.

Министрлик аткылоодо бир аскери оор жаракат алганын, азери тарап буга «жооп бергенин» кошумчалады.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-майда Брюсселде жолугарын 10-майда Еврокеңеш билдирген. Алар тынчтык макулдашуусун кабыл алуу үчүн кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү маалымдалды.

Эки лидердин жолугушуусуна Еврокеңештин президенти Шарль Мишель да катышат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.