Пакистандын өкмөтү Исламабадга армиянын киришине уруксат берди

Бул тууралуу Al Jazeera билдирди.

«Шаарга аскерлер чакырылып, полиция кызматкерлери жана Пакистан армиясы коомдук тартипти сактоо үчүн жеринде жүрүшөт», — деп айтылат жергиликтүү полициянын Twitter баракчасында.

Ошондой эле шаршемби күнү премьер-министр Шехбаз Шарифтин төрагалыгы астында өткөн жыйында министрлер кабинети камакка алынгандарды өлкөнүн терроризмге каршы мыйзамдарына ылайык өрттөө жана зомбулук аракеттери үчүн айыптоо сунушун берди.

Митингдердин жана тополоңдордун натыйжасында 140тан ашуун полиция кызматкери жана аткаминерлер жарадар болуп, мамлекеттик жана жеке мекемелерди «вандализмге, зордук-зомбулукка жана өрт коюуга» катыштыгы бар деген айып менен 1400дөй адам камакка алынган. Рейтер агенттиги тополоңдо кеминде беш киши каза болгонун кабарлады.

Армия демонстранттарга мындан ары аскердик же укук коргоо органдарына, мамлекеттик объектилерге жана мүлккө кол салгандар “катуу жазага тартылаарын” эскертти.

Эскерте кетсек, 9-майда мурдагы премьер-министр жана оппозиция лидери Имран Хан алдамчылык боюнча айыпталып, сегиз күнгө камалган. Өкмөт өкүлдөрү Хан менен анын аялы миллиондогон долларлык жерди кыймылсыз мүлк магнатынан кайрымдуулук фонду аркылуу пара катары алышканын айтышууда.

Хан Пакистанда кармалгандан кийин массалык нааразылык башталды.