ИИМ министринин биринчи орун басары Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосуновдун Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Зайымдын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Адылбек Бийбосунов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.
“Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Пакистан Элчилигинин ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана мамилелерди бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ болду.
Министрдин биринчи орун басары кыргыз тарап Пакистан менен укук коргоо тармагында кызматташууга, анын ичинде диний экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Элчи Хасан Али Зайгам Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыктын көптөгөн чөйрөлөрүндө жемиштүү кызматташтык менен ырааттуу бекемделип жатканын баса белгиледи.

553908ab 9989 4405 87de 433139f23b83 ИИМ министринин биринчи орун басары Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
d55e0c5e 13dd 4cd6 b691 445f90c7f490 ИИМ министринин биринчи орун басары Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту