Бишкектеги мейманканада уурулук кылган адам видеого түшүп калган

Бишкектеги мейманканалардын биринен телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-мартта милицияга Ш.Ч. атту жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен 20:30да Патрис Лумумба көчөсүндөгү мейманканада белгисиз адамдар баасы 37 миң сомдук Samsung A53 телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Иликтөө иштери уланууда.