ВИДЕО: ИИМ жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырат

Бул нерсени алдын алууда ИИМ бир нече кеңеш берет.

Учурда алдамчылар интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табууда жана бул барган сайын кучагын кенен жайууда. Чындыгында көптөгөн адамдар бардык эле адамдарга бирдей ишенип, алдамчылардын торуна түшүп калуусун унутуп коюшат. Интернет алдамчылары дал ушул нерсеге таянып, жаңы курмандыктарды издешет.


Социалдык тармактарда жарнамалык кампанияга жамынып, элдин көңүлүн буруу максатында алдамчылык аракеттер жасалууда. Ошол эле маалда алдамчылар өздөрүнүн жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин, бизнес өкүлдөрүнүн фото жана видеолорун колдонушууда.
Белгисиз адамдар социалдык тармактарда, өзгөчө Telegram мессенджеринде кирешелүү делген инвестициялык долбоорлорду жарнамалап, аларды салым кошууга көндүрүп, убакытты жана күч-аракетти коротпостон акча которууну жана үзгүлтүксүз киреше алууну сунушташат. Бирок, аны табуу же кошкон салымды кайтарып алуу мүмкүн эмес.


Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга чакырат. Учурда киберкылмышкерлер алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табышууда. Алдамчылар өздөрүнүн курмандыктарын туш келди тандап алышат. Ошондуктан жарандар ыңгайсыз абалга дуушар болуп калбашы үчүн кыраакылыгын жоготпой, этият болушу керек.
Эсиңизде болсун! Шектүү инвестициялык долбоорлорго салым кошуунун кереги жок.

YouTube video