Жеңил моторлуу кайыктын айдоочусу кармалып, күнөөсүн мойнуна алды

Фото иллюстративное

Ысык-Көлдө эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепкер болгон жеңил моторлуу кайыктын айдоочусу кармалып, күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кайыкка үйлөнмө баллон улап алып адамдарды айландырып жүргөндө баллон теплоходго барып урунган. 

Ошол эле түнү 2000-2004-жылы туулган кыз жана жигит оор жаракаттардан улам реанимацияда каза болгон. Дагы бир жабырлануучу хирургия бөлүмүндө жатканы айтылат.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.