Сууга аккан наристе табыла элек

Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар наристе табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наристени 1 аптадан бери куткаруучулар издеп жатышат.

Буга чейин, 18-июлда  Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда 27 жаштагы  келин сууга түшүп кеткен 1 жашар кызын куткарам деп сууга түшкөн. Куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табыла элек.