ИИМ: ар бир жаран мыйзам алдында бирдей укукка ээ

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматта кимде-ким мыйзам бузса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы айтылат.


“Адамдын ишмердиги иш-аракеттерден турат. Иш-аракет – натыйжаларга сөзсүз алып келген адам мамилелеринин негизги элементи, ал ар дайым адамдын өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилиги менен байланышат.
Заманбап кылмыштуулуктун абалын, тенденцияларын жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн талдоодо, аларды акыркы жылдары болуп өткөн коомдук аң-сезимдин өзгөрүшү менен байланыштыруу керек. Жарандарга кадимки жосунсуз жорук менен укук бузуунун ортосундагы чекти аныктоо кыйынга турушу мүмкүн”, – деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.


Бир гана эрежени билүү маанилүү – бир адамдын эркиндиги экинчисинин эркиндиги башталган жерде аяктайт!
Бардык кыргызстандыктар жынысына, расасына, тилине, этноско таандыктыгына, туткан динине, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк, кызматтык абалына карабастан мыйзам алдында бирдей экенин эске салабыз. Ошондуктан кимде-ким мыйзам бузса кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш.
Кыргыз Республикасында негизги жазалардын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат: коомдук иштер, эркиндигин чектөө, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, түзөтүү жумуштары, айып, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо, эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.


Урматтуу кыргызстандыктар! Мыйзамдан ар кандай четтөө олуттуу кесепеттерге алып келет. Ар бир жаран мыйзамдарды билиши, түшүнүшү жана сакташы зарыл.