Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Иш-чаранын программасы:

– Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

– “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

– Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

– Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

– Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).