Штефан Таркович: кемчиликтердин үстүнөн иштейбиз

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович CAFA Nations Cup 2023 турниринин алкагында Кыргызстан менен Омандын оюнчуларынын беттешине пикирин билдирди.

20-июнда Ташкентте өткөн оюнда «Ак шумкарлар» 0:1 эсебинде Оманга утулуп калды.

«Оюндун жыйынтыгы капаландырат. Албетте, бүгүнкү беттеште командабыз көп нерсеге жөндөмдүү экенин далилдеп, көрсөткүбүз келген. Менин оюмча, оюн эки тараптан тең жакшы өттү, айрыкча экинчи бөлүктө биздин футболчулар атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратууга жетишти, бирок кайра эле аракеттер майнапсыз болду. Кемчиликтердин үстүнөн иштейбиз», — деди башкы машыктыруучу.

Таркович команданын өзүнчө оюн мүнөзүнө ээ болгондугу аны кубандырарын кошумчалады.

«Эки курама тең беттеште күчтүү жактарын көрсөттү, бирок ийгилик бүгүн атаандаш тарапта болду», — деп пикирин билдирди ал.

Ал эми турнирдин 3-орунун ээлеген Оман курамасынын башкы машыктыруучусу Бранко Иванкович беттештин жыйынтыгына абдан ыраазы экендигин жашырган жок.

«Биринчиден, биз жеңдик, экинчиден, эки команданы тең куттуктайм, өзгөчө аба ырайын эске алганда, оюн абдан оор жана курч өттү. Биз үчүн үчүнчү орун – бул жетишкендик, мынчалык кыска убакыттын ичинде команданы даярдоо кыйынга турат», — деди Иванкович.

Белгилей кетсек, CAFA Nations Cup-2023 – Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курамалары үчүн өткөрүлүп жаткан мелдеште Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын командалары катышууда. Эл аралык мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Эл аралык мелдеште командалар эки тайпага бөлүнгөн: «А» тайпасында – Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан, «В» тайпасында – Кыргызстан, Афганистан жана Оман.

10-июнда «Ак шумкарлар» Афганистандын курамасына каршы оюн өткөрүп, беттеш 1:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган. Ал эми 16-июнда Ирандын командасына каршы өткөн оюнда кыргыз футболчулары 1:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартышкан. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

CAFA Nations Cup-2023 турниринин финалында 20-июнда Өзбекстан жана Ирандын курамалары ойнойт.