“Азаттыктын” мурдагы журналисти, депутат Жанар Акаев медианын жабылышы боюнча үн катты

“Азаттыкты” жаап, журналисттерин чилдей таратсак, чындыкты эл билбей калат деген өтө жаңылыш пикир. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук баракчасына жазды. 

“Азаттык” дайыма акыйкаттык тарапта болуп келген, калың элге кадыры сиңген, эл сүйүп уккан, көргөн маалымат каражаты. Мындан ары да ошол бойдон калышына бөркүмдөй ишенем. Калыстык издеген далай жарандарыбыздын үнүн коомго да, бийликке да жеткирген саналуу медиалардын бири. Анда иштеген кесиптештердин баары билимдүү, кесипкөй, ак ниет кыз-жигиттер. Акаев, Бакиевдин мезгилинде да радио, ТВларын чектешкен. Бирок “Азаттыкты” жаап, журналисттерин чилдей таратсак, чындыкты эл билбей калат деген өтө жаңылыш пикир. “Азаттык” жабылып, жок болуп кетет деген ойдон алыс бололу, азыр технология өнүккөн заманда маалымат таратууну чектеп коюу мүмкүн эмес. Анын үстүнө кыргыздар тыйган нерсени тескерисинче издеп жүрүп таап көрөт эмеспи.

Райондук соттун “Азаттыкты” жабуу чечими күчүнө кирбейт, шаардык сотко чейин бийликтер терең талдап, ойлоноор. Менимче шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарса керек, анан Жогорку Сот карайт. Бул мышык-чычкан оюну да, жүдөтүү максатын көздөйт деп түшүнөм.

“Азаттык” бир ууч кишиге жакпашы мүмкүн, бирок калың элибиздин ишеничи, үмүтү артып тургандан өткөн баалуу нерсе барбы!” – деп жазды депутат Жанар Акаев.