Евробиримдиктин Өкүлчүлүгү Абдрахматованын баяндамасын кубаттай турганын билдирди

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү билдирүү таратып, КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын өлкөнүн БУУнун Башкы Ассамблеясында (60/251 резолюциясы) берилген убадаларына шайкеш келген жана Адам укуктары боюнча Кеңешке тиешелүү болгон 2022-жылга карата баяндамасын кубаттай турганын жазды.

«Өз мандатын натыйжалуу жана көз карандысыз аткаруу үчүн улуттук адам укуктары институттарынын потенциалын бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле Париж принциптерине ылайык Акыйкатчынын көз карандысыздыгын бекемдөө боюнча берилген бул милдеттенмелер өлкөдөгү адам укуктары көйгөйлөрүн ачык коомдук талкуулоо жагынан Кыргыз Республикасынын аймактагы лидерлик ролун дагы бир жолу айгинелейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Евробиримдиктин Өкүлчүлүгү Акыйкатчынын адам укуктарынын бузулушунун негизги себептерин аныктаган айкын баяндама боюнча жасаган ишин жогору баалай турганы кошумчаланган:

«Бул баяндама, Акыйкатчы институтунун мыйзамдуулукту сактоодо жана бүтүндөй коомдо адам укуктарын мындан ары бекемдөөдөгү ролунун маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Евробиримдиктин Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасын Адам укуктары боюнча кеңеште билдирген убадаларына жана милдеттенмелерине ылайык, Акыйкатчы сыяктуу адам укуктары боюнча улуттук институттардын потенциалын жана көз карандысыздыгын бекемдөөнү улантууга жана Париж принциптерине ылайык бул маанилүү институттун А макамын алуусуна дымактуу түрдө аракет жасоого чакырат».