Талас РИИБи “Мал ууру” аталышындагы рейд өткөрдү

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Талас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү РИИБдин башка кызматтары менен биргеликте Талас районунун аймагында “Мал ууру” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүүдө. Долоно, Кең-Кол, Көпүрө-Базар, Арал, Жергетал, Калба айылдарына тийиштүү өзөндөрдө мал баккан адамдардын сарайлары, мал ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Бул иш-чарага Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын орун басары Талант Мамбет уулу, чек ара кызматынан жана жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматкерлери катышып, малды идентификациялоо, жазгы эмдөөдөн өткөрүү боюнча айтып өттү. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы сервистик тейлөө ишин алып барышты. Иш-чаранын максаты мал уурулук кылмыштарын болтурбоо жана ага шарт түзгөн жагдайларга бөгөт коюу. Акыркы мезгилде кароосуз калган малдар жакынкы кошуна Казакстан мамлекетине өтүп кетүүдө жана жолдордо кароосуз калган мал жандыктар авто унааларга тоскоолдук жаратып кырсыкка учуроодо. Ошого байланыштуу мал жандыктарды жайлоого, жол жээкке жана талааларга кароосуз калтырбай көзөмөлгө алууга чакырды. Сарай ээлерине малчыларын каттоого алуу зарыл экендигин түшүндүрдү. Себеби, жалданма малчыларды жумушка алууда дагы коопсуздук чараларын көрүп, текшерүү зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

e4e06bc0 f837 43e6 b9eb d0ec7311a847 Талас РИИБи "Мал ууру" аталышындагы рейд өткөрдү
ed3bc56c 0a5d 4a52 ade7 35823ac10751 Талас РИИБи "Мал ууру" аталышындагы рейд өткөрдү