Руслан Акматбек: «Азаттыктын» жабылышы бул эки жылдан бери келе жаткан аракеттердин жыйындысы

Мындай пикирин медиа эксперт Руслан Акматбек билдирди.

«Азаттык боюнча соттун бүгүнкү чечими ЖМКларга, сөз эркиндигине болгон биринчи көрүнүш эмес. Бул эки жылдан бери келе жаткан аракеттердин жыйындысы. Түрдүү кысым, чектөөлөрдүн бүгүн апогейи болду. Менин оюмча бүгүн бийлик демократиядан, сөз эркиндигинен баш тартты. «Азаттыктын» жабылышы башка эркин медиаларга коңгуроо. Мындан ары көз карандысыз медиалар бийликти сындай турган маселелерди же иликтөөлөрдү жасабай калышы мүмкүн»,-деди ал.