ВИДЕО: “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланууда

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму уланды.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүгө негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова экспертиза кандайча жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

Быйыл 23-январда министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы маалым болгон. Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Сүрөт, тасма: Дилде Шатанова