ИИМ: 2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизаттар аныкталып алынган

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болуп өттү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

d496a3dc 3578 4760 b310 4ff15d3280a7 ИИМ: 2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизаттар аныкталып алынган


Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖККК тарабынан баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча бардык чараларды көрүүдө, ошондой эле баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу жаатында иштер жүргүзүлүүдө.
Үч айдын ичинде баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө 89дан ашык иш-чаралар жүргүзүлүп, 50 миңге жакын адамды камтыган.
Кеңешменин жүрүшүндө БМЖКККнын жетекчилиги тарабынан афган тектүү баңгизаттардын контрабандасын, жапайы өскөн кара куурайды токтотуу, ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн компоненттерди түзгөн баңги лабораторияларды аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттер коюлду.
Ички иштер министрлиги тарабынан 1 чейректе 365 баңгизаттарга байланышкан кылмыш катталып, 3 нарколаборатория аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизат алынган.
Анын ичинде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду,: героин – 14 кг 404 гр., гашиш – 36 кг 074 гр., марихуана-41 кг 863 гр., кара куурай өсүмдүгү – 12 кг 692 гр., саман куурай – 13 кг. 008 гр., прекурсорлор – 1 т 494 кг 536 гр., психотроптук заттар – 39 кг 979 гр., дары препараттары-226 гр., башка дарылар-630 гр. (Кара куурай экстракты жана майы).
ИИМдин БМЖКККнын жетекчилиги Интернет түйүнүн колдонуу менен маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө баңги кылмыштарына бөгөт коюу, ошондой эле баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө ишти активдештирүү боюнча ишке өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.
Кеңешмеде иштеги кемчиликтер үчүн БМЖКККнын бир нече башкармалыктарынын жетекчилери жана бир катар кызматкерлери тартиптик жазага тартылышты.

4804c31e d689 447e 9529 235c153d1643 ИИМ: 2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизаттар аныкталып алынган