УКМК: 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген

Курамында спирт бар продукцияларды мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда “К.Ф.А.” ЖЧКсы тарабынан 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген фактысы аныкталды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргызстандын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын болуусу, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

photo1687262364 1 УКМК: 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген
photo1687262364 2 УКМК: 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген