Акылбек Жапаров: “сунуштарымды буга чейинки президенттерге айткам”

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент койгон талаптарды аткаруу толук мүмкүн экенин айтты.

«Президент алдыга коюп жаткан талаптарды аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ага колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын. Мен азыркы айтып жаткан пикирлеримди, сунуштарымды буга чейинки президенттерге, өкмөт башчыларга айтып эле келгем. Бирок, алар Садыр Жапаровдой чечкиндүү кадам кыла алышкан эмес. Буга чейин эле «Кумтөрдү» өзүбүзгө алсак болот, коррупцияны жоюп, өлкө казынасын толтурса боло турганын да айткам», — деди Жапаров.