Темир Сариев эркиндикке чыккан жок

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев абакта калтырылды. Мындай чечимди 12-октябрда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Ал эми соттун имаратынын алдында Сариевдин тарапташтары чонулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту Сариевдин бөгөт чарасын 24-сентябрда карап, аны 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Белгилей кетсек, ал 3-августта Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган.

Саясатчы кармалышынын себебин ага жалган-жалаа жабылып жатканы менен түшүндүрөт.