Эртай Искаков менен конуш тургундары камакта калды

Чүй облустук соту Селекция айылында таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган активист Эртай Искаков менен конуш тургундары Бакыт Балбаевдин, Бакыт Бекболотовдун доо арызын карап, эки айга камаган райондук соттун чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон.

Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөн тең эки айга тергөө абагына камакка алган. Мындан кийин алар чечимге байланыштуу Чүй облустук сотуна даттанышкан.

Сот чечимине ылайык, Эртай Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.